
Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагынын жаңы имаратын курууга 4 млн. сом жумшалды

Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын эки кабаттуу жаңы имараты бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Жаңы имаратты бүткөрүүдө Кара-Суу айыл аймагынын мурдагы башчысы, учурда Аксы районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Эмилбек уулу Талантбектин уюштуруучулук демилгелүү иш аракеттерин жергиликтүү тургундар ыраазы болуу менен белгилеп жатышат.
Өзүнчө автономдуу жылыткычы бар эки кабаттуу айыл аймагынын жаңы имаратын бүткөрүүгө 4 млн. сом кеткен. Анын ичинен 2 млн. 980 миң сом түрткү берүүчү гранттан, 600 миң сом Бишкекте иштеген Кара-Суулуктардан, 420 миң сом элдин ашар жолу менен кошкон салымы болгон. Бардык бөлмөлөр менен жыйын өткөрүлүүчү залына жылытуу системалары орнотулган. Жылытуу системасы көмүр жагуу жолу менен иштетилет.
- Кара-Суу айыл аймагынын мурдагы имараты аябай эскирип, ал жерде элди кабыл алып иштөө мезгил талабына такыр эле жооп бербей калган. Бөлмөлөрдүн тардыгынан жана аздыгынан эл менен иш алып баруу мүшкүлгө айланган эле. Жалпысынан жаңы имаратты бүткөрүүгө 4 млн. сом акча каражаты жумшалды,- дейт Кара-Суу айыл аймагынын мурдагы башчысы, азыркы Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Эмилбек уулу Талантбек.
Азыркы мезгилде Кара-Суу айыл аймагында 7 миңге жакын калк жашайт. Жаңыдан курулуп ишке киргизилген Кара-Суу айыл аймагынын имаратынын биринчи кабатында ар кандай төлөмдөрдү ишке ашыруучу, акча алуучу жана салып которуучу операцияларды ишке ашыруучу 2 банкомат коюлуп, ал иштеп жатат. Эми Кара-Суу айыл аймагынын тургундары ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүү жана Россияда иштеп жатышкан уул-кыздары жөнөткөн акчаларын алуу үчүн убара тартып райондун борборуна барышпастан ушул эле жерден алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жергиликтүү жашоочулар уюлдук телефондоруна дагы банкоматтардан акча салышат. Учурда райондогу Кара-Жыгач айыл аймагынын жаңы имаратынын курулушу дагы кызуу жүргүзүлүп жатат. Анын курулушуна 3 млн. сом акча каражаты ажыратылган.
Жолдошбай Осмонов. журналист.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41