KELECHEK
rek

«Ош –Сема» лицейинин окуучусу А.Мадаминов Алматыда өткөн Эл аралык олимпиадада алтын медалга ээ болду

«Ош –Сема» лицейинин окуучусу А.Мадаминов  Алматыда өткөн Эл аралык олимпиадада алтын медалга ээ болду

Үстүбүздөгү жылдын 12-17-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча XIII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу Эл аралык «Себат» билим берүү мекемесинин коомчулук менен байланыш кызматкери Ширин Дубанаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын командасы 21 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин 15 окуучусу кирди.

Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча: Информатика сабагынан «Ош-Сема» лицейинин 10-класстын окуучусу Мадаминов Акбар алтын медалга ээ болду. Ал эми Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-класстын окуучусу Жусубалиев Амангелди күмүш медалга жана Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу  Касымов Арсен коло медалга ээ болушту.

Математика сабагынан Х.Карасаева атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу Жекшеев Дослан жана «Талас Манас-Ата» лицейинин 11-класстын окуучусу Чикетаев Бегаалы коло медалдар менен сыйланышты.

Физика сабагынан Х.Карасаева атындагы Каракол лицейинин 10–класстын окуучусу Мырзабеков Азамат жана «Семетей» атындагы Кадамжай лицейинин 11-класстын окуучусу Садиков Артур коло медалга ээ болушту.

“Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты-физика, математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле таланттуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет”, - дейт Ш.Дубанаева. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30