KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаары боюнча 27988 кыймылсыз мүлк бирдиги бар

Жалал-Абад шаары боюнча 27988 кыймылсыз мүлк бирдиги бар

Жалал-Абад шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында 2016-жылы 7 миллион 942,4 миң сомдук жумуштар аткарылган. Бул мурдагы жылга караганда кыйла көптүк кылат. Бул тууралуу шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жетекчиси Алмамбет Осмонов билдирди.

Анын айтымында, жыл башында ушундай кызмат көрсөтүү көлөмү 7 миллион 400 миң сом деп белгиленсе, жыл аягында ага салыштырмалуу 7 пайыз өсүш менен чыгышты.

- Биздеги жерге жайгаштыруу бөлүмүндө 2015-жыл ичинде 1630 кызмат көрсөтүү иши жүргүзүлгөн болсо, 2016-жылдын ичинде 1332 кызмат көрсөтүү үчүн арыз түшүп, кардарлардын суроо-талаптары толугу менен канааттандырылган. Шаардыктарды тейлөө жаңы деңгээлге көтөрүлүп, аларга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын административдик чегинде бардыгы болуп 8821 гектар жер бар, анын ичинен 1186 гектары айдоо, 75 гектары көп жылдык бак-дарактар, 496 гектары чөп чабынды, 2964 гектары жайыт жерлер, 1076 гектары үй алдыдагы огороддор, 933 гектары токойлу жерлер, 241 гектары бадалдар, 1850 гектары башка жерлер эсептелет. Ал эми шаар боюнча 27988 кыймылсыз мүлк бирдиги бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53