KELECHEK
rek

Жаздын келиши менен Аксыдагы асфальт заводу ишин баштайт

Жаздын келиши менен Аксыдагы асфальт заводу ишин баштайт

Кечээ, 18-январда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Көлдө-Сайдагы асфальт заводунун иши менен жеринде таанышып кайтты. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, өткөн жылы Япония өлкөсүнүн грантынын эсебинен 288 млн. 288 миң сомго курулган асфальт чыгаруучу жаңы завод өз ишин баштаган. Былтыркы жылы райондогу 6 км жолго төшөлгөн сапаттуу асфальтты ушул заводдун жумушчулары чыгарып беришкен.

- Япония өлкөсүнүн грантынын эсебинен курулган асфальт чыгаруучу завод былтыр кечирээк ишке киргизилип калгандыктан асфальтты кеңири чыгаруу мүмкүнчүгүгүнө жетишпей калганбыз. Жаз айынын келиши менен ишибизди толук кандуу баштап, завод өз кубаттуулугунда иштей баштайт. Бизде күнүнө 250 тонна сапаттуу асфальт чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бардык иштер автоматташтырылган. Заводдун бардык жабдуулары менен агрегаттары япония өлкөсүнүн өндүрүшүнөн чыгарылган. Мындан сырткары асфальт ташуучу “Исуси” үлгүсүндөгү 3 самосвал,  экскаватор, погрузчик, техникалык тейлөө автомашинасы жана  автогрейдерибиз бар. Бизде иштей турган бардык техникалар япониядан чыгарылган. Жаз чыгары менен асфальт чыгаруу иштерин жандуу алып барууну мерчемдеп жатабыз,- дейт асфальт чыгаруу заводунун директору Алмазбек Муратбеков.

“Жалпы жонунан  асфальт заводунда 12 жумушчу эмектенишет. Алардын орточо эмгек маяналары 10 миң сомдон жогору. Аксыдагы асфальт чыгаруучу завод Таш-Көмүр шаарынын, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун асфальтка болгон керектөөлөрүн толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - дейт өкүлдүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41