KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда ботулизмге каршы чаралар күчөтүлүүдө

Жалал-Абад облусунда ботулизмге каршы чаралар күчөтүлүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында ботулизмге каршы чаралар күчөтүлөт, калк арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштери алып барылат, калктын жабырланышына жол берилбейт. Облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясы өзүнүн отурумунда ушундай чечим чыгарды. Бул тууалуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын билдиргенине караганда, облус аймагында колдо жасалган консервация азыктарынан ууланып калуу учурлары дагы эле болсо кайталанууда. Мисалы, өткөн 2015-жылы 13 үй-бүлөдө ушундай уулануу учуру катталып, 26 оорулуу бейтапканаларга жаткырылган, алардын ичинен 5 киши каза болгон. Ал эми 2016-жылдын 11 айында эле 15 үй-бүлөдө уулануу учурлары катталып, 30 оорулуу бейтапканаларга түшкөн, алардын ичинен 3 киши каза тапты.

Мындай терс көрүнүштөр Тогуз-Торо, Аксы, Ноокен райондорунда бир нече жолу кайталанып, ууланган кишилер саны арбын болсо, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларында бирден киши ууланышкан. Комиссияда белгиленгендей, уулангандар арасында жаш балдар да бар.

Комиссияда бейтаптарды сактап калуу жана дарылоо максатында керектүү медициналык препараттардын (сыворотка) жетиштүүлүгү каралып, сыворотканын район-шаарларда жетишсиз өлчөмдө камсыздалганы белгиленди. Бул боюнча чара көрүү жагы каралды.

Комиссия соода-сатык жайларында, базарларда үй шартында жасалган консервация азыктарын сатууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38