Казакстанда темир жол бекеттеринде текшерүү тартиби киргизилет
Казакстан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында темир жол бекеттеринде адамдарды милдеттүү түрдө текшерүү тартибин киргизүүдө. «Казакстан темиржолы» компаниясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү жана алардын жүктөрүн текшерүү тартиби баскыч менен жүзөгө ашат.
Маалыматка караганда, 1-февралдан баштап жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби Алматы-1 жана Алматы-2 темир жол бекеттеринде, 1-апрелден Астана, 1-июндан тарта өлкөнүн башкы темир жол бекеттеринде киргизилет. Ал үчүн ондогон атайын текшерүү жабдыктары сатылып алынган.
Азырынча жүргүнчүлөрдү текшерүүнүн тартиби менен анын узактыгы тууралуу маалымат жок.
Казакстанда 16-январда террордук корунучтун «сары» чеги алынган. Ал өткөн жылдын июнунда Актөбөдөгү куралдуу кол салуулардан кийин киргизилген. Окуядан кийин өлкө парламенти терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, күч түзүмдөрү бир канча жолу антитеррористтик машыгууларды өткөргөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









