Иран Сирия сүйлөшүүлөрүнө АКШнын катышуусуна каршы
Иран кийинки аптага пландалып жаткан Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө Кошмо Штаттардын катышуусуна каршы экенин билдирүүдө.
Tasnim агенттиги билдиргендей, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф “биз аларды чакырган жокпуз, биз алардын болушуна каршыбыз” деген.
Расмий Тегеран муну менен Сирия боюнча келерки аптада Казакстандын борбору Астана шаарында башталат деп күтүлгөн сүйлөшүүлөр боюнча Орусия жана Түркиянын позициясына каршы экенин көргөзүүдө. Москва менен Анкара жолугушууга Дональд Трамп жетектеген жаңы администрация катышуусу керек деген.
Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Хашеминин айтуусунда, сүйлөшүүлөрдүн азыркы баскычында “үч тараптуулук” сакталуусу керек, бул форматтын кеңейтилиши иштин оңунан чыкпай калуу “тобокелчилигин күчөтөт”.
Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өкмөттүк күчтөр өткөн айда Алеппо шаарынын чыгыш бөлүгүн ээлегенден кийин демилгелешкен. Алеппонун чыгышы жарандык согуштун жүрүшүндө козголоңчулардын эң маанилүү таянычы болгон эле.
Астана сүйлөшүүлөрүн уюштуруп жаткандардан Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия козголоңчуларды колдоп келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









