KELECHEK
rek

Обама: Орусия менен конструктивдүү мамиледе болуу - АКШнын жана дүйнөнүн кызыкчылыгында

Обама: Орусия менен конструктивдүү мамиледе болуу - АКШнын жана дүйнөнүн кызыкчылыгында

АКШ президенти Барак Обама Вашингтондун Орусия менен конструктивдүү мамиледе болуусу Американын, ошол эле маалда бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыгына жооп берерин билдирди.

Обама мамлекет башчысы катары өткөргөн акыркы маалымат жыйынында Владимир Путиндин кайрадан Орусиянын президенти болуп шайланып келиши антиамерикалык риториканы күчөтүп, кайрадан кансыз согуш кезиндегидей маанайды жаратканын билдирди. Өз кезегинде бул эки тараптуу алакаларды оорлоткон. Обаманын айтымында, АКШ дайыма Орусия менен конструктивдүү мамиледе болууга аракет кылып келген. Ал Орусияга каршы санкциялар Украинадагы абалга байланыштуу киргизилгенин жана ал туура чечим болгонун билдирди.

Обама Челси Мэннингдин камактагы мөөнөтүн кыскартуу чечими тууралуу суроого жооп берип жатып, ага карата өтө эле катаал чечим чыгарылганын айтты. Ал жашыруун маалыматтарды WikiLeaks сайтына бергендиги үчүн 35 жылга соттолгон Мэннинг өз катачылыгын түшүнүп, катуу жазаланды деп эсептейт.

Обама ошондой эле өзөктүк куралдарды азайтуу боюнча акыркы макулдашуулардан кийин Орусия бул тармакта сүйлөшүүлөрдү улантууга ынтызарлыгын көрсөтпөгөнүн айтты. Ал шайланган президент Дональд Трамп өзөктүк куралды азайтуу маселесинде ийгиликтерге жетишет деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12