Путин: биздин сойкулар дүйнө боюнча мыкты, бирок "Трамп ага азгырылганына күмөнүм бар"
Орусия президенти Владимир Путин маалымат жыйыны учурунда Дональд Трамп Москвада жеңил ойлуу кыздар менен жолукпаганын, сулуулар сынагында ал дүйнөдөгү эң келишимдүү айымдар менен баарлашканын билдирди.
Путиндин айтымында, Трамп бир нече жыл мурун Москвага келген. Ал учурда саясий ишмердүүлүк жүргүзчү эмес. Орусия президенти Трамп ал кезде тек Американын эн бай адамдарынын бири болгонун, атайын кызматтар ар бир америкалык миллиардерди аңдыбай турганын баса белгиледи.
"Экинчиден: Трамп келип, анан дароо москвалык сойкулар менен жолугушканга ашыгыптырбы? Бул көп жылдардан бери сулуулар сынагын уюштурган, тотугуп калган киши. Ал дүйнөдөгү эн сулуу айымдар менен баарлашкан. Анын мейманканага жүгүрүп барып, биздин кыздар менен жолукканын элестетүү оор болуп жатат. Сөз жок, биздин сойкулар дүйнө боюнча эң мыкты, бирок Трамп ага азгырылганына күмөнүм бар",-деди Путин.
Путин АКШнын шайланган президентине жалаа жабылып жатканын айтып, аны жасагандарды “сойкудан дагы жаман” деп баалады.
Өткөн жумада АКШ атайын кызматтары Трамп тууралуу Орусиянын колундагы компроматтарды президент Барак Обамага жана жаңы шайланган президентке беришкени маалым болгон. Анда америкалык миллиардер Москвага болгон сапары учурунда жеңил ойлуу жергиликтүү кыздардын кызматынан пайдаланганы айтылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









