Жалал-Абад шаарынын ишкерлери кырсыкта жабыр тарткандарга жардам көрсөтүштү
Жалал-Абад шаарындагы жеке ишкерлердин демилгеси менен 16-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу айылында болгон авиакырсыкта жабыркаган мекендештерибизге материалдык жардамдар чогултулду. Бул боюнча уюштуруучулардын бири Аида Матиева билдирди.
Анын айтымында, Чүй облусунда болуп өткөн авиакырсыкка байланыштуу андагы жабыркаган мекендештеге аз да болсо жардам көрсөтүү иретинде шаардагы жеке ишкерлердин жардамы менен чогулган материалдык жардамдар КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгына өткөрүлүп беилди.
- Бул материалдык жардамдардан тышкары каалоочулар акчалай жардамдарын атайын ачылган банктык эсептерге которуп жатышат. Болуп өткөн бул каргашалуу окуяга баарыбыз кайдыгер карабай колубуздан келген жардамдарды аябашыбыз керек, - дейт ал.
Ал эми облустагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам бөлүмүнүн улук офицери Акылбек Ботобековдун айтымында, кырсыкка байланыштуу гуманитардык жардамдарды кабыл алуу максатында облуста 13 кабыл алуу пункттары ачылып, анда кызматкерлер 24 саат бою иш алып барып жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13