“Элдик парламент” мүчөлөрү шайлоону күтсүн, бийликке өзүнүн программасы менен келсин, - дейт жаш активисттер
Кыргызстанда акыркы мезгилде болуп жаткан коомдук-саясий окуялар Жалал-Абад шаарынын жаш активисттерин да кайдыгер калтырбай, алар оппозиция өкүлдөрүн бийликти күч менен басып алууга болгон аракеттерин кескин түрдө сындап чыгышты. Жаш активисттердин айрымдары бүгүн, 19-май күнү Жалал-Абадда маалымат жыйынын өткөрүштү.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Бектур Токтоноевдин айтымына караганда, ал быйылкы жылы бүтүрүүчү курста окуйт. Жаш активисттер саясий топторго, айрым кызыкчылыктарга каршы, өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн бир нече тегерек стол, семиналарды өткөрүп келишкен.
- Негизи жаштар чөйрөсүнө аралашып, активдеше баштагандан бери мамлекеттин стабилдүүлүгү жөнүндө ойлоно баштайт экенсин. Биздин жасаган ишибиз элибизге, жаштарга, мамлекетке өзүнүн зыянын тийгизбесе экен деген ойдо ар кандай багыттта иш-чараларды өткөрүп келе жатабыз. Кээ бир саясатчыларды көрүп туруп, алардан кандай үлгү алууга боло тургандыгына түшүнө албай кетесин. Азыркы учурда айрым саясатчылар тартипсиз иштерди уюштурууга аракет жасап жатышат. Анан ошондой агаларбызды, эжелерибизди көрүп туруп, кантип биз калыптанабыз. Кыргызстандын 20 жылдан кийинки тагдырын кантип түзүп, кантип калыптанабыз деген бүдөмүк ойлор туулуп жатат. Элге кадыр-баркы бар оппозиция болсо, алар шайлоону күтсүн, бийликке өз программасы менен келсин, - дейт Б.Токтоноев.
Ал эми Жалал-Абад шаарындагы укук, бизнес жана билим берүү академиясынын студенти Бекназар Бекташевдин айтымында, азыркы учурда улуу муундардын жасап жаткандары туура эмес эле болуп жатат. “Чоңдор эки тарап болуп, пикирлери келише албай жатса, анда жаштар эмне кылышат? – деген суроо жаралат. Баарыбыз бир максатты көздөй, Кыргызстан деген ураанга биригип туруп, өнүгүү жолуна түшүп алсак жакшы болот эле”, - дейт жаш активист.
“Көк-Арт Инфо” Маалымат борбору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13