Өзбекстан Оштогу Бабур театрына жардам берет
Күн мурун Өзбекстандан Ошко делегация келди. Сүйлөшүүлөргө журналисттер киргизилген жок. Сапар жүрүшүндө меймандар Бабур атындагы өзбек академиялык театрында болуп, актерлордун иши менен таанышышты.
Театрдын жетекчиси Набижон Мамаджановдун айтымында, жолугушуу маалында Өзбекстандын вице-премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов театрга жардам берилерин билдирген. Аткаминер Өзбекстандын Маданият министрлиги 50 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бөлгөнүн белгилеген. Жардамга бериле турган акча кайсы иштер үчүн жумшалары азыр аныктала элек.
Быйыл театр падыша жана акын Бабур Мирзо жөнүндө спектакль коюуну пландоодо. “Пьесаны биз Өзбекстандан алдык, эми бул өлкөнүн бийлиги костюм, декорация, стенография жагынан жардам берүүнү чечти. Жакынкы келечекте биз бул чыгарманы көрүүчүлөргө тартуулайлы деп жатабыз. Мындан тышкары бизге Бабур жашап өткөн жерлерге –Анжиян, Ахсикент, Фергана өрөөнү жана Наманганга гастролго чыгууну уюштурууну сунушташты”,- деди Набижон Мамаджонов.
Соңку жылдары Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда бир гана саясий эмес, маданий алакалар дагы сууп кеткен. Набижон Мамаджоновдун айтымында, акыркы жолу Бабур театры Өзбекстанга 17 жыл мурун гастролго барган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29