KELECHEK
rek

ACT Airlines: кыйраган учак "Манаска” жүк түшүрмөк

ACT Airlines: кыйраган учак

16-январда Бишкектин сыртында кыйраган АСТ авиакомпаниясынын учагы "Манас" аэропортуна жүк түшүрүү үчүн конмок. Бул тууралуу Стамбулдагы авиакомпаниянын өкүлү Айше Кынран билдирди.

«​Учакта жетиштүү күйүүчү май бар эле. Кандайдыр бир маселе жок болчу. Учагыбыз ансыз деле Бишкекке сапар алган. Бара турган маршрут Бишкек болчу. Ал жакка барды. Ооба, жүк түшүрүү үчүн барган. Жүктүн ичинде эч кандай коркунучтуу нерсе жок болчу», - деди Кынран.

АСТ авиакомпаниясынын кат жүзүндөгү бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, компания Кыргызстанда кыйраган Боинг 747-400 сыяктуу учактары менен Бишкектин башкы аба майданына буга чейин 52 ирет каттаган. Компания ошондой эле өз билдирүүсүндө учак конууга бир нече ирет аракет жасаган деген маалыматты четке какты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учак Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн келатканы айтылганын, жүк түшүрөт деген маалыматты биринчи жолу укканын “Азаттыкка” айтты. Ал эки версияны тең расмий түрдө тастыктай албастыгын кошумчалады.

«Тигинисин да, мунусун да тастыктай албайм. Расмий түрдө менде андай маалымат жок. Мен билгенден бир эле нерсе - учак аэропортко келип конуу үчүн келатканын мен тастыктайм. Эмне үчүн келип конуп жатканы тууралуу менде маалымат жок. Күйүүчү май куюуга деп айтылган», — деди Боронов.

Гонконгдон учуп чыккан Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача - СУ конушуна 16-январда таңга жуук кулаган. Бул окуяда каза тапкандардын саны бүгүнкү күнгө карата 38 киши экени аныкталды. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында жаш балдар да бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...