KELECHEK
rek

Майлуу-Сууда 69 жаштагы аялдын жансыз денеси таанышынын короосунда жашыруун көмүлгөн жерден табылды (ФОТО)

Майлуу-Сууда 69 жаштагы аялдын жансыз денеси таанышынын короосунда жашыруун көмүлгөн жерден табылды (ФОТО)

Майлуу-Суу шаарынын 1948-жылы туулган тургуну Тамара Гузованын бир айдан бери жер алдында жашырылган жансыз денеси кечээ, 17-январь күнү аталган шаардын Түлөбердиев көчөсүнүн тургуну 1967-жылы туулган Ю.Казаков аттуу атуулдун үйүнүн артынан, шише бөтөлкөсү үйүлүп турган жерден табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, 2017-жылдын 5-январь күнү  Майлуу-Суу шаардык ички иштер  бөлүмүнүн  кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам өкүлүнө Майлуу-Суу шаарынын Зябчук көчөсүнүн 14/53 үйүнүн тургуну 1954-жылы туулган Карачан Людмила ооз эки кайрылып, 69 жаштагы Тамара Гузова дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.

Карачандын билдирүүсү боюнча: 2016-жылдын ноябрь айынан бери Майлуу-Суу шаарынын  Ленин көчөсүнүн №105в/3 үйүнүн тургуну 1948-жылы туулган Гузова Тамара Ивановна дайынсыз болуп жаткан. Аталган факт боюнча Майлуу-Суу ШИИБнө дайынсыз жоголуу деп катталган. Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБнын, Майлуу-Суу ШИИБнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү атуул кармалды.

Өткөн 2016-жылдын октябрь айларынын аягында кылмышка шектүү Майлуу-Суу шаарынын  Ч.Тулебердиева көчөсүнүн №34 үйүнүн тургуну 1967-жылы туулган Казаков Юрий Васильевичтин көрсөтмөсүндө, өлтүрүлгөн аял менен чогуу ичимдик ичип олтурушуп, өз ара сөз талашып уруша кетишип, уруп өлтүрүп, өзү жашаган үйүнүн артына дубалдын түбүнө көмүп салгандыгын билдирген. Көмүлгөн жай билинбесин деп, үстүнө бөтөлкөнүн шишелери менен жаап койгон.

 Жашы 70ти таяп калган маркумдун сөөгү шаар прокурору Мамажакып уулу Алмазбек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Рустамбек Жумабаев жана тийиштүү милиция кызматкерлеринин, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрүнүн катышуусуна казылып алынды.

Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Тамара Гузова мындагы шаардын Ленин көчөсүндө жалгыз жашачу. Жалгыз кызы бар, бирок ал Россия Федерациясында жашайт.

Былтыркы жылдын декабрь айынан тарта маркум үйүндө көрүнбөй, дайынсыз болуп калган. Мындан улам анын кошуналары тынчсызданышып, бири-биринен сурашып, конокко кетүүсү мүмкүн деп да боолголошкон. Ошентип кабары жок болуп кеткен айылдашынан тынчызданышкан шаар тургундары милицияга кабарлашкан.

«Бизге катталгандан кийин маркумду издөө иши жанданып, оперативдик маалыматтар келип түштү. Маалымат негизинде кылмышка шектүүнүн үйүнүн аркасындагы бөтөлкөлөрдөн күмөн болгон, анткени ажаткана тараптагы бөтөлкө үйдүн артына ташылып калган. Үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алган учурда жердин казылганы байкалды. Аялдын сөөгү болжолдуу түрдө 70 сантиметр тереңдикте казылып көмүлгөн, кылмыштын бети жабуу үчүн бөтөлкө шишелер жабылган. Аялдын сөөгү бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана Тамара менен тааныштык жагдайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Маркумду тапканга чейин да үй ээси анын дайынсыз жоголуусуна тиешеси жок экенин билдирип жаткан болчу», - деди Р.Жумабаев.

 “Азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам өздүк курамынан түзүлгөн атайын топ жана Майлуу-Суу ШИИБнүн өздүк курамы тарабынан көмүлгөн адамдын жансыз денеси казылып алынып, соттук медициналык экспертиза дайындалып, тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.Бул факт боюнча Кылмыш Жаза кодексинин 97-беренеси менен (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп учурда, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук медициниалык экспертиза да киши колдуу болгонун тастыктаган. Бул шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча кылмышка шектүү атуул сурак берүүдө”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...