KELECHEK
rek

Тил – улуттук маданиятыбыздын башаты

Тил – улуттук маданиятыбыздын башаты

Кыргыз элинин ХХ-кылымдагы белгилүү жазуучуларынын бири, академик Түгөлбай Сыдыкбеков тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө кайдыгер карабаган инсан катары, “Тил – улуттук  маданиятыбыздын башаты”,- деген баасын берген эле.

Анткени, өзөн-сууларыбыздын башаты булак болсо, улуттук маданиятыбыздын башаты өнөр алды кызыл тил экени талашсыз. 2017-жылдын 6-январында президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева жылдын аталышына арналган маалымат жыйынында төмөндөгүлөргө токтолду. Атап айтканда, калкыбыздын жарымын 25 жашка чейинки улан-кыздар түзөрүн белгилеп, ошол эле учурда аларга чейрек кылым бою татыктуу билим берилбей, жетишерлик көңүл бурулбай келгендигин мойундап, кеч болуп кала электе бул боштукту толтурбаса болбостугун эскертти. Андай болбогон шартта эли-жерибиздин тагдырын келечекте кимге өткөрүп беребиз?-деген оюн ортого салды. Бул ачуу чындыкты жалпы журтчулугубуз  да мойундайт.

Ооба, туура, Мира айым белгилегендей 90-жылдардын башында билегинде күчү бар эр азаматтарыбыз менен төрөп түшө турган курактагы кыз- келиндерибиз өлкөбүздөгү жумушсуздуктун айынан кара курсактын камын ойлоп, жер кезип кетишкендери анык. Ал эми тууган-уруктун колунда калган жаш балдар ачка-токтун азабынан  ыйман-маданият быякта турсун, окууга барса барып, барбаса барбай, татыктуу билим алышкан эмес. Жаштарыбыздын басымдуу көпчүлүгү чала сабат.

Бул олуттуу, орчундуу маселени өкмөт чечет дебей, жалпы коомчулук колго алууга тийиш. Антейин десең, какаганга муштаган болуп, билимдүү деп аталган айрым атка минерлерибизден баштап, жаштарыбыздын өмүрүнө өрнөк, жашоосуна жарчы боло турган журналисттерибиздин адабий тилде туура сүйлөп, туура жаза албагандыгы коомчулукту өтө өкүндүрөт. Айтсак, “болчубуз, турчубуз, күлчүбүз” дегендин ордуна “болчук, турчук, күлчүк, уктап баштады, күлүп баштады” деген касиети качкан сөздөр биздин жашообузга эшик какпай кирип келди. Угуп коюп унчукпаган көнүмүш адатка айланды. Ах кайдыгерлик, кайдыгерлик,  кайдыгерлик!

Бу кайдыгерлик деген итиң түбүбүзгө жетет го. Деги буларды кой-ай деп тескеген бирөө жарым барбы, же  жокпу? Маданият тармагын тейлеген президенттин, өкмөттүн, маданият министрлигинин бөлүмдөрү телевизор көрөбү же көрсө да көрмөксөнбү? Көркөм кеңеш каякты карап олтурат?

Эл арасында журналист айтса туура айтат, туура сүйлөйт деген ой калыптанып калган. Андыктан Мира айымга айтарыбыз, жылдын аталышына байланыштуу бир айлык мөөнөттө иштелип чыкчу иш чарага учурдагы журналисттердин сабатсыздыгын тез арада жоюу маселеси кирсе, тилибиз оңолот эле.

Тил оңолсо, дилибиз тазарат. Дилибиз тазарса, ыймандуу, адептүү, маданияттуу болушубузга жол ачылат. “Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын”, - деп Камбаралы Бобулов айткандай, жаштарыбыз эне тили менен ыймандуу, эне тили менен адептүү, эне тили менен маданияттуу болот да.

Сарымсак Бекботоев, Абды Сүйөркулов атындагы Коомдук фондунун төрагасы, коомдук ишмер, Жалал-Абад шаарынын тургуну.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29