KELECHEK
rek

Жалал-Абадда Жарандык коргонуу багытында 122 атайын окуулар, машыгуулар өткөрүлгөн (ФОТО)

Жалал-Абадда Жарандык коргонуу багытында 122 атайын окуулар, машыгуулар өткөрүлгөн (ФОТО)

Кечээ, 17-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-Жарандык коргонуу башчысынын 2016-жылга бекитилген даярдык иш мерчеминин негизинде өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгын караган селектордук жыйын болуп өттү.

Жыйынды Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов алып барып, анын ишине облустук Жарандык коргонуу боюнча коллегия мүчөлөрү катышты. Ал мэи Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов Жарандык коргонуу багытында 2016-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берди. 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-Жарандык коргонуу башчысынын 2016-жылга бекитилген даярдык иш мерчеминин негизинде облустук, райондук жана шаардык деңгээлде 122 атайын Жарандык коргонуу багытында окуулар, машыгуулар жана текшерүүлөр өткөрүлдү.  Анын ичинен облустук - 11, райондук жана шаардык деңгээлде - 111  машыгуулар жана текшерүүлөр өткөрүлдү. 

Жалал-Абад шаардык башкаруу органдарын жана ЖК кызматтарын комплекстик текшерүү өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча облустук Жарандык коргонуунун башчысына сунуш берилген.

Токтогул районунун ЖКсунун башкаруу органдары менен комплекстик райондук окуусун өткөрүү учурунда, жергиликтүү башкаруу органдарынын көңүл кош мамилесинен облустук ЖК башчысынын талаптарын так, туура аткарууга катышууну камсыздаган жок. Жыйынтыгында кетирилген кемчилдиктерди жоюу жана кайрадан окууну өткөрүүгө сунуш берилген, бирок аталган сунушту аткаргандыгы боюнча так маалыматтар ушул күнгө чейин аткарылбай келүүдө.

Калган облустук жана район-шаардык Жарандык коргонуу башчылары менен биргеликте өткөрүлгөн комплексттик окуулардын жыйынтыгы менен жалпы абалы канааттандырарлык деп бааланды, - деди А.Бекилов.

Ошондой эле,  А.Бекилов жергиликтүү бийликтер тарабынан кайдыгер мамилелеринин кесепетинен көйгөйлөр жаралган. Мисалы, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Багыш, Кулбайлуу айылдарына  2016-жылдын апрель  айында берилген 270 даана габиондук торчо жана Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Катыраңкы айылына 2016-жылдын май айында берилген 205 даана габиондук торчо бүгүнкү күнгө чейин коюлбай, көрөңгөдө сакталып турат. Анын кесепетинен облустун аймагындагы жумуштарды аягына чыгарууга башка район жана шаарларга товардык-материалдык-каражаттарды бөлдүрүп берүүдө терс таасирлерин тийгизген.

Жыйында өкүлдүн 1-орун басары М.Акматов он-лайн тартибинде Сузак, Аксы, Токтогул, Ала-Бука райондорунун акимдери жана Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри менен байланышка чыгып, Жарандык коргонуу тарабынан аткарылып жаткан иштерин, кооптуу болгон жайлардан жарандарды көчүрүп чыгуу, сел ала турган дамбалардын жээктерин бекмдөө иштеринин жүрүшү боюнча маалыматтарды алды.

Облустук Жарандык коргонуу боюнча коллегия мүчөлөрү КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекиловдун жасаган баяндамасы боюнча аткарылган иштерди канааттандырарлык деп баалашты.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18