
Мурдагы өкмөт башчынын уулу А.Муралиев чыккынчылык үчүн 12 жылга соттолду

Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиев 12 жылга кесилди. 17-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушундай өкүм чыгарганын Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева "Азаттыкка" билдирди:
- Муралиев Кыргыз Республикасынын "Кылмыш кодексинин" 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айыпталып, 12 жылга кесилди. Мүлкү конфискацияланат. Жаза өтөө мөөнөтү күчөтүлгөн режимде өтөт.
Алтынбек Муралиев башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деген кине менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына 2014-жылдын 1-ноябрында камакка алынган.
Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгогон.
Тергөө жана сот процесстери башынан аягына чейин жабык өттү.
Алтынбек Муралиев Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу.
"Азаттык"
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05