KELECHEK
rek

Стамбул бийлиги: Түнкү клубга чабуул жасоого шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды

Стамбул бийлиги: Түнкү клубга чабуул жасоого шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна чабуул жасаган деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машарипов күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Стамбулдун губернатору Васип Шахинге шилтеме кылып "Хюрриет Дейли” басылмасы билдирди.

Ал айыпталуучу Ооганстанда машыгуудан өтүп, «Ислам мамлекети» террордук тобунун атынан кылмыш жасаганын белгиледи.

Абдулкадыр Машариповдун кармалгандыгы тууралуу дүйшөмбү эртең менен белгилүү болгон. Түрк ММКларынын маалыматы боюнча ал Стамбулдун Эсеньюрт районунда кармалган. Ага чейин полиция Машарипов чабуулдан эки жума мурда келип токтогон батирден 150 миң доллар тапкан.

Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Абдулкадыр Машарипов Түркияга 2016-жылдын башында жубайы жана эки баласы менен барып, Конья шаарында батирде жашаган. 15-декабрда Стамбулга барып, террористтик чабуулдарга даярдык көрө баштаган. "Хюрриет Дейли” түрк премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмушка шилтеме кылып, чабуул чалгындоо уюмунун катышуусу менен профессионалдык деңгээлде уюштурулганын билдирди.

Жаңы жыл түнү шектүү жаран клубга такси менен барып, эс алуучуларга ок чыгарган. Теракт учурунда 39 киши курман болуп, 65и жаракат алган. Арасында сегиз өлкөнүн жарандары болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...