ИИМ учак кырсыгына байланыштуу соцтүйүндөрдөгү терс пикирлерди көзөмөлдөөдө
ИИМ “Манас” аэропортундагы учактын кыйрашына байланыштуу социалдык түйүндөргө терс пикир жазгандарды көзөмөлдөп жатат. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова кырсыкта курман болгондорду табалаган жарандын Фейсбуктагы билдирүүсүнө укуктук баа берүү боюнча тергөө иши башталганын билдирди.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери учак кырсыгына байланыштуу социалдык түйүндөрдөгү элди бөлүп-жарган билдирүүлөргө көңүл бурулуп жатат. Аманкулова терс пикир жазгандарга карата көрүлгөн чаралар боюнча кошумча маалымат берилерин айтты.
16-январдагы апааттан соң Медициналык академиянын кызматкери Таттыгүл Дооталиева Фейсбукта мерт кеткендер өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү териштирилерин маалымдаган. Анын жазган пикиринде аймактык жана улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилеринин бар-жогу атайын экспертизада такталат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13