Олланд Трампка: ЕБге сырттан кеңеш керек эмес
Франция президенти Франсуа Олланд ЕБдин ички иштери тууралуу «сырттан айтылган кеңештердин керек эместигин» билдирип, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Евробиримдикке карата айткан сындарына жооп берди. Мындай пикирин ал АКШнын Франциядагы элчиси Жейн Хартлинин ыйгарым укуктарынын аякташына байланыштуу өткөн иш-чара маалында айтты.
«Европа трансатлантикалык кызматташтыкты улантат, бирок ал анын кызыкчылыктары менен баалуулуктарына негизделет. ЕБге кандай кылуусу керектиги боюнча сырттан кеңештер керек эмес», - деди Олланд.
15-январда Трамп европалык London's Times жана Bild басылмаларына интервью берип, Британиянын ЕБдин курамынан чыгуу чечими менен тилектештигин билдирип, евроблоктун мигранттарга карата либералдык саясаты башка өлкөлөрдүн да биримдиктен чыгуусуна түрткү болушу мүмкүндүгүн билдирген. Ал ошондой эле 2015-жылы көптөгөн мигранттардын документсиз өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген Германия канцлери Ангела Меркелди да сынга алган. Жооп иретинде Меркель ЕБ өзү үчүн өзү жооптуу болушу керектигин билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы кызматынан кетип жаткан Жон Керри болсо Трамптын айткандарын «ылайыксыз» сөздөр деп атаган. АКШнын шайланган президентинин инаугурациясы 20-январда болот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









