KELECHEK
rek

Жалал-Абадда таксисттер кылмышкерди кармоого салымын кошту жана сыйланды (ФОТО)

Жалал-Абадда таксисттер кылмышкерди кармоого салымын кошту жана сыйланды (ФОТО)

Кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөн “Асман” таксидеги айдоочулар жана окуяга күбө болуп көмөктөшкөн жарандарды, ошол убакта нөөмөттө турган мобильдик группадагы ИИОгы кызматкерлерди Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков куттуктап, ОИИБнын ардак грамота менен сыйлады.

Өз сөзүндө Ж.Жоробеков: "Кылмышкерлер менен күрөшүүдө коомчулуктун жардамы маанилүү экендигин жана такси кызматындагылар буга үлгү болуп бере алды"-деп билдирди.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 12-январь күнү болжол менен саат 05-30 чамаларда Жалал-Абад шаарындагы “Асман” такси кызматында иштеген Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 1998-жылы туулган Р.Н. Жалал-Абад шаарында такси айдап жүргөндө, ошол жерден жүргүнчү катары автоунаага чыккан бейтааныш, жашы болжол менен 20-25 жаштагы атуул чыгып айдоочу Р.Н. ны коркутуп, “ДЕУ-МАТИЗ” үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаасын укукка жат түрдө ээлеп алып, окуя болгон жерде белгисиз тарапты көздөй багыт алып, иизин жашырып качып кеткен.

Натыйжада аталган факт боюнча Патрулдук милиция бөлүмү (ПМБү) тарабынан “Перехват” атайын ыкчам иш-чаралары киргизилип, тез арада жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмыш иизин суутпай, аталган факты боюнча Сузак районунун тургуну 1992-жылы туулган А уулу Б Жалал-Абад шаарынын Тайгараев көчөсүндө кармалып, Жалал-Абад ШИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

“Бул окуя боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 172-берененин (Автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...