Казакстан ТИМи: Астана Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр
Казакстан Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө толугу менен даяр. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди. Ал сүйлөшүүлөр болжол менен 23-январда өтө турганын айтты.
«Бардыгы катышуучулардын курамына жана жолугушууда Орусия менен Түркиянын делегацияларын кимдердин жетектеп келерине жараша болот. Биз сүйлөшүүлөргө Ирандын өкүлдөрүнүн катышкысы келип жатканын да билебиз. Жолугушууну өткөрүүгө Казакстан тарап толугу менен даяр», — деди Абдрахманов. Ал Астанада күтүлүп жаткан жолугушуу 8-февралда Женевада өтө турган сүйлөшүүлөргө даярдык болорун кошумчалады.
Кайрат Абдрахмановдун билдиришинче, учурда сүйлөшүүлөрдүн форматын аныктап, авиациялык жана логистикалык маселелерди чечүү үчүн казакстандык дипломаттар сүйлөшүүгө катыша турган адамдар тууралуу маалыматтарды күтүп жатышат.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган Сирия боюнча тынч сүйлөшүүлөр үчүн Астана аянтча болорун айтышкан. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев демилгени колдогон. Анткен менен азырынча сүйлөшүүлөрдүн Астанада өтүшү күмөн жаратууда, себеби айрым Сириядагы оппозициялык топтор Асаддын өкмөтүн тынчтык режимин бузууга айыптап келишет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









