KELECHEK
rek

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамы арасында аскердик жөө жүрүш уюштурулду (ФОТО)

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамы арасында аскердик жөө жүрүш уюштурулду (ФОТО)

17-январь  КР Атайын багыттагы полкунун (АБП)   түзүлгөн күнүнө карата Жалал-Абад облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамы арасында аскердик жөө жүрүш (марш бросок) болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, жөө жүрүш  "Мекеним менин Кыргызстан" долбоорунун алкагында, кызматтык ишмердүүлүктү аткарууда ок атуучу куралды колдонууну, ок атуунун ыкмаларын жана тажрыйбасын калыптандыруу, бекемдөө жана күжүрмөн даярдыктарын чыңдоо максатында уюштурулду.

Алгач, сапка тизилип баарынын толукталган жүк каптары текшерилди. Жөө жүрүш шаардан 10 км аралыкта жайгашкан  ок атуу талаасына чейин каз катар тизилип белгиленген мөөнөттө чуркоо жана аскердик-патриоттук  ырларды ырдоо менен барышты. 

Аскердик жүрүштүн маршруту бир эле багыт менен болбостон ар тараптан бөлүктөр бөлүнүп шаардын, калктуу конуштарынын арасынан, көп улуттуу аймактарды басып өтүштү. Жөө жүрүштүн дагы бир терең максаты - жарандарыбызга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын билдирүү, элдин ишенимин арттырууну көздөйт.

Аскердик жөө жүрүштүн катышуучулары полигондо практикалык ок атуу (бутага таамай атуу), тоо шартындагы машыгуулар уюштурулуп, ага кошумча спорттук иш-чаралар менен коштолду. Өздүк курам арасында спорттук оюндар кызуу жүрүп, спорттун отджимание түрүнөн 324 жолу дене тулку бойду жерден көтөргөндөр жана 105 жолу 24 кг салмактагы гиря көтөрүп 1-орунду багындыргандар да  аныкталып сыйланышты.

“Мындан сырткары, аркан тартыш мелдештери да уюштурулду. Бул иш чара  квартал сайын Жалал-Абадда  активдүү өтүп келет”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Оштун спортчулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарды...

Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейин Казакстандын Палдовар шаарында өткөн бокс боюнча Азия...

СПОРТ 2016-05-14  09:30