АСТ Airlines каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берет
Кырсыкта каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу учакка ээлик кылган түркиялык АСТ Airlines фирмасынын өкүлү Айше Кынран билдирди. Андан сырткары авиакырсыктан каза болгондордун үй-бөлөлөрүнө мамлекет да компенсация төлөп берет.
Маалыматка караганда, экипаж Гонконгдо 69 саат эс алуудан кийин учакты эч бир кынтыксыз кабыл алып, Бишкекти көздөй учкан. Учактагы жүктөр толук камсыздандырылган. Анда жалпы 85 тоннадан ашык жүк болгон. Буга чейин техникалык мүчүлүштүк болгон эмес. Кырсыктын себеби териштирилип жатат.
Өлкөнүн биринчи вице-премер-министри Мухамметкалый Абулгазиев мамлекет каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон компенсация төлөп берерин айткан.
"Боинг-747" үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда таңга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача СУ айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан көп турак жай кыйраган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18