KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунун бюджеттик кызматкерлери авиакырсыктан каза болгондорго бир күндүк эмгек маяналарын которушат

Жалал-Абад облусунун бюджеттик кызматкерлери авиакырсыктан  каза болгондорго бир күндүк эмгек маяналарын которушат

Кечээ, 16-январда өкүл Кыянбек Сатыбалдиев облустук бюджеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери менен атайын жыйын өткөрдү. Анда “Манас” Эл аралык аэропортуна жакын жерде авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселеси каралып талкууланды.

Облустук жана район-шаарлардагы бюджеттик мекеме–ишканалардын жетекчилери бир ооздон бир күндүк эмгек маяналарын авикырсыктан жабыр тарткандарга которуп берүү демилгеси менен чыгышты.

Мындан сырткары, КР ӨКМнин облустук башкармалыгында кырсыктан жабыр тарткандарга атайын жардам көрсөтүү пунктары ачылды. Учактын кыйрашынан жабыр тартышкан мекендештерибизге тамак-аш жана жылуу кийим-кечектер менен буюмдардан жардам берүүнү каалагандарды кабыл алуу боюнча КР ӨКМнин облустук башкармалыгында  0770 800 081, 03722 2 19 70  жана 0772 07 76 07  “түз байланыш” телефондору иштеп жатат.

“Манас” Эл аралык аэропортуна жакын жерде кыйраган Туркия мамлекетине таандык жүк ташуучу “Боинг-747” учагынын кыйрашынан улам ондогон мекендештерибиз каза болушту. Каргашалуу ал кырсыктан Ноокен районундагы Курулуш айылынын тургундары, 1993-жылы туулган, 8 айлык боюнда бар Венера Дүйшеева, 2011-жылы туулган Алибек Камилов жана 2013-жылы туулган Исабек Камилов да каза болушкан.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 17-январь бүткүл өлкөбүз боюнча аза күтүү күнү деп жарыялангандыктан Жалал-Абад облусундагы мекеме-ишканаларда мамлекеттик желектер түшүрүлдү.

 Жолдошбай Осмонов, өкүлдүн басма сөз катчысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13