17-январь учак кырсыгынын кесепетинен каза болгондор боюнча Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-январда ««Боинг-747» жүк ташуучу учагынын авиакырсыкка учурашынын кесепетинен каза болгондор боюнча 2017-жылдын 17-январын Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалымататтык саясат бөлүмү билдирди.
«2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон авиакырсыктын кесепетинен Гонконг-Бишкек авиа каттамы боюнча учуп бара жаткан «Боинг – 747» жүк ташуучу учагы кулаган.
Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген авиакырсык Кыргызстандын бүтүндөй эли үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун
үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Каза болгондорго аза күтүү менен жана алардын туугандары менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:
1.Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2.Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.
3.Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун
үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13