KELECHEK
rek

Москва тажик авиакомпанияларына каршы чектөөлөрдү киргизбейт

Москва тажик авиакомпанияларына каршы чектөөлөрдү киргизбейт

Москва авикаттамдар боюнча Тажикстан менен жаңжалды курчутпайт жана тажик авиакомпанияларына кошумча тыюуларды салууга ниеттенген жок. Бул тууралуу Орусиянын транспорт министри Максим Соколов билдирди.

Аткаминердин айтымында, авиабайланыш боюнча чектөөчү чаралар киргизилбейт. Бирок мурдагыдай эле Орусия Тажикстандан бул багыттагы милдеттенмелерин аткарууну талап кылат.

Орусия Транспорт министрлиги тажик тарап менен сүйлөшүүгө даяр. “Тажик кесиптештерибиз сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүүнү каалап жатышат. Акыркы жолугушуу декабрда болгон. Биз диалогду керек болсо эртең баштаганга даярбыз. Алебтте, алгач буга чейинки жолугушууларда жетишилген макулдашуулар аткарылышы керек”,-деди министр.

Январдын соңунда эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт. Орусия сүйлөшүүлөрдү ошол учурга туштоого белсенүүдө.

Буга чейин Тажикстан авиажаңжалды жайгаруу үчүн Орусияга сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын маалымдаган.

2016-жылы 20-декабрда тажик бийлиги “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбүгө сапар алчу “Ямал” авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салган. Буга жооп кылып, Орусия тажикстандык “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын учууларынын жолун бөгөгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53