Жалал-Абадда жакынкы күндөрдө беш долбоор иштей баштайт
Жалал-Абад шаарынын турпатын таптакыр өзгөртүүчү беш долбоор планга киргизилип, КРнын финансы министрлигине жөнөтүлгөн. Аталган долбоорлор министрликтин кароосунан өтсө, жогоруда айтылган долбоорлор ишин башташат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Алиева билдирди.
Анын айтымында, КР Өкмөтүнүн “Үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү” жобону, долбооорлоду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтому чыккан. Ошол токтомду ишке ашыруу максатында шаардык мэриядан демилгелүү топ түзүлүп, шаар аймагынан беш долбоор даярдалып, КР финансы министрлигине кароого жөнөтүлгөн.
- Жогоруда айтылган беш долбоорго токтоло турган болсом, шаардагы Горький көчөсү аркылуу Пушкин жана Шопоков көчөлөрүнө тротуар курууга 2,9 миллион, №11 мектептин спорт залын курууга 3,8 миллион, №13 орто мектептин терезелерин алмаштырууга 2,8 миллион, “Жалалалабадсууканал” башкармалыгынын 800 жана 1000 миллиметрлик канализацияларын тазалоо жана аны хлорлоп, башкарып туруучу системага киргизүүгө 2,9 миллион, ошондой эле шаардын саркынды суу тазалоочу жабдуулар системасын реконструкциялоого 2,5 миллион сомдук долбоорлор жазылып, министрликке жөнөтүлдү. Алар карап чечим чыгаргандан кийин аталган беш долбоор боюнча иш жүргүзүлө баштайт, -дейт ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38