KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары мыйзамсыз шайланды, - дейт КСДП, “Кыргызстан” партиялары

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары мыйзамсыз шайланды, - дейт КСДП, “Кыргызстан” партиялары

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 12-январда өткөн сессиясы мыйзамсыз жана төрага шайланмайынча анын орун басары шайлана албайт, - деп билдирди бүгүн, 13-январда өткөн маалымат жыйында шаардык кеңештин КСДП жана “Кыргызстан”  фракциясынын лидерлери.

Шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыковдун сөзүнө караганда, 12-январда өткөн шаардык кеңештин сессиясына расмий чакыруу берилген эмес. Уюлдук телефондорго гана билдирүү жиберилген.

- Биз өз ара келишимди талкуулап отурган болчубуз. Анан сессияга депутаттар толук келбегендиктен, убактылуу өтпөй турат деген маалыматты угуп калдык. Бардык нерсе мыйзамдын негизинде болуш керек. Сессияга депутаттардын үчтөн экиси катышуусу шарт деп жазылып турат. Биз өзүбуз мыйзамды бузуп жатсак, анда шаардык кеңештин пайдубалын туура эмес куруп алабыз да. Биринчи сессияда сөзсүз түрдө эки маселе каралат. БШКнын чечими окулуп, депутаттарга мандат тапшырылат, андан кийин кворум болсо төрага шайланат. Кечээ болсо кворум болбой төрага шайланбай туруп эле, анын орун басарын шайлап жатышат. Кабыл алынган чечимге төрага кол койбосо, ал юридикалык күчкө ээ болбойт. Ошол себептен, биз 12-январда өткөн шаардык кеңештин сессиясынын мыйзамдуулугун текшерип берүүсүн жана бул сессия легитимдүү эмес экендигин билдирип БШКга, Жалал-Абад облустук райондор аралык сотуна, шаардык прокуратурага арыз менен кайрылдык. Биз кайрылган органдардан жоопту алгандан кийин гана шаардык кеңеш өз ишин мыйзам жолунда улантып кетет. Бизде кеңейтилген коалиция түзүү ниетибиз бар, - дейт А.Мамасыдыков.

Ал эми шаардык кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Эмилбек Абдыкадыровдун маалыматына караганда, бардык эле партиялар менен шаардын кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштөөгө даярбыз. Көпчүлүк коалиция түзүү боюнча кол алышып, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Анан эле бул шашылыш сессия чакырылып, сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калды. Үч партия биригип көпчүлүк коалиция түзүп меморандумга кол коюлгандыгы боюнча бизге эч кандай билдирүү берилген жок. Биз укуктук талаага кайтып келиш үчүн өзүбүздүн кайрылууларды БШК, шаардык прокуратура, Жалал-Абад облустук райондор аралык сотуна жиберип койдук. Эми алар карап чыгып кандай чечсе, ошого жараша иш болот, - дейт Э.Абдыкадыров.

Эскерте кетсек, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы болуп, анда депутаттарга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылып, кворумдун жетишсиздигинен төрага шайланбай, убактылуу болсо да анын орун басары шайланган.

Сессияга КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары катышкан эмес. “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары баары болуп 16 добуш менен “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүшкөнүн жарыялашкан. Депутаттар шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоого киришишип, көпчүлүк коалициядан бул орунга мурда шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Эрнисбек Ормоков шайланган.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12