KELECHEK
rek

Трамп: Орусия АКШнын саясий институттарынын компьютерлерине чабуул жасаган

Трамп: Орусия АКШнын саясий институттарынын компьютерлерине чабуул жасаган

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын саясий институттарынын компьютердик ресурстарына Орусия хакердик чабуул жасаганын жана ал үчүн орус президенти Владимир Путиндин жооптуу экенин тааныды. Трамп президент болуп шайлангандан берки алгачкы маалымат жыйынын 11-январда Манхэттендеги кеңсесинде өткөрдү.

АКШнын шайланган президенти компьютерлерге хакердик чабуул жасалгандыгы менен макул болуп, бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эткенин моюнуна алган жок. Ал Орусия америкалык компьютердик түйүндөргө чабуул коюу менен алектенген көптөгөн өлкөлөрдүн катарында болгонун белгиледи.

Трамп ошондой эле чалгындоо кызматтарынын билдирүүлөрүн кайталап, Путин Орусия тараптан колдоого алынган хакерлерге АКШнын саясий партияларынын компьютерлерине кирип, андагы электрондук каттарды уурдоо буйругун жеке өзү бергенин айтты.

Трамп Демократиялык партия компьютердик чабуулдардан начар коргонгонун билдирди. Анын айтымында, Республикалык комитет өзүн хакердик чабуулдардан коргоонун жолун таап, бул жааттаа «жакшы жумуш» аткарды.

Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси кандай болорун билбестигин айтып, бирок анын президенттиги маалында Орусия «АКШны көбүрөөк сыйлай турганын» билдирди. "Эгер Путинге Дональд Трамп жакса, мен аны жаман эмес, жакшы деп эсептейм, анткени азыр биздин Орусия менен мамилебиз абдан начар", – деди ал. Трамптын пикиринде, Орусия «Ислам мамлекетине» каршы күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болушу мүмкүн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52