Жалал-Абад шаарында үч эм төрөлгөн балдар батирлүү болушту
Жалал-Абад шаарында 2015-жылдын 26-декабрында төрөлгөн үч эм балдарды жергиликтүү бийликтер турак жай менен камсыздап, аларга үйдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эрнисбек Ормоков билдирди.
Анын айтымына караганда, шаарда жергиликтүү бийликтер дайыма жардамга муктаж жарандарга жардам берип келет жана бул жолкусунда үч эм балдарга шарт түзүлүп жатышы өтө кубанычтуу.
-Бул маселе боюнча атайын бизге кат келип түшкөн, ошол каттын негизинде маселе сессияга коюлуп, жыйынтыгында жергиликтүү бийлик тараптан 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Натыйжада, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир алынып берилди. Биз Кыргызстандын келечеги үчүн кайдыгер карабаганга аракет жасайбыз, – дейт ал.
Батирлүү болгон үч эмдин энеси Шахнозахон Абдазимованы куттуктаган шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева аларга жакшы каалоолорун айтты.
Үч эм төрөлгөн балдардын ата-энелери шаардык кеңештин депутаттаына жана шаар мэриясына терең ыраазычылыгын билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18