Ошто 20-кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров эскерилди (ФОТО)
Кечээ, 12-январь залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз квзматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.
Улуу талант Р.Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гул чамбарлар коюлду.
Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Аманова Рыспай Абдыкадыровдун калтырып кеткен чыгармалары элдин жүрөгүндө түбөлүк жашай тургандыгын билдирди.
Митинг-реквиемге100дөн ашуун адам атышып, Рыспай Абдыкадыров кыргызга бир келчү өчпөс талант экендигин баса белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын келгендерге сунуштады.
Белгилей кетсек, Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 1994-жылы каза болгон. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен, Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 76 жашка чыкмак.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29