Жалал-Абадда “Санпа шейиттери” коомунун мүчөлөрү Азимжан Аскаровдун акталышына каршы
Жалал-Абадда “Санпа шейиттери” коомунун мүчөлөрү Азимжан Аскаровдун абактан чыгышына каршы жана аны өмүр бою абакта калышын талап кылышат.
Аталган коомдун мүчөсү Кеңеш Калбаевдин айтымында, июнь коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров акталып чыгат деген кептер коомчулук арасында айтылып жатат. Мындан улам аталган коомдун 10го жакын мүчөсү сот, бийлик өкүлдөрүнө кайрылууну туура көрүп, чогулушкан. Алардын пикиринче, А.Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Жогорку соттун чечими күчүндө калышы керек.
- А.Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча мурунку өкүм күчүндө калсын деп элдин баары талап кылууда. Бизден 10 мүчө атайын пикир билдирели деп, журналисттердин алдына чыктык. Бизде 100дөн ашуун мүчө бар, баарыбыз бир пикирдебиз. “Акталат экен” деген имиш да жөн жеринен айтылбайт, ошондон улам пикирибизди билдирип коёлу дедик. Ал жазасын албаса, эртеңки күнү кимдир бирөө дагы бул ишти кайталашы мүмкүн. Ал акталса, мамлекет тынч болбойт, - дейт К. Калбаев.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь айындагы улуттар аралык коогалаң учурунда милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө айыпталып, сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынган.
Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Чүй облустук соту тарабынан Азимжан Аскаровго карата өкүм чыгаары күтүлүп жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13