
Таш-Көмүр шаарындагы алюминий заводунун жумушчулары бир жылдан бери айлык ала элек

Казакстандык «Авиньон» компаниясы куруп жаткан Таш-Көмүр шаарындагы ферросиликоалюминий заводунун жумушчулары бир жылдан маяналарын алыша элек. Бул тууралуу заводдун курулушун жүргүзүү боюнча дирекциянын башчысы Талант Исмаилов билдирди.
Казакстандык компания 2015-жылдын соңунда курулушун токтотуп, каржылоону да үзүп салган. Компания курулуштун күзөтчүлөрү менен суу топтогучтун кызматкерлеринин маянасын төлөп берүүгө тийиш болчу. Бирок 30га чукул жумушчу 2016-жыл ичинде бир дагы тыйын акча алышкан жок. Исмаиловдун айтуусунда, казакстандык компания жаңы жыл алдында гана азыраак акча которуп бергени болбосо, алар дээрлик маянасыз иштеп келе жатышат.
Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн биргелешкен келишимине ылайык ферросиликоалюминий заводунун курулушу 2014-жылдын июль айында башталган. Кыргыз өкмөтү тарабынан документ иштеринин толук бүтпөй жатышы зоводдун курулушун кечеңдетүүдө.
Завод курулушуна Түштүк Кореядан 75 млн доллар инвестиция каралган. Эгерде ал ишке кирсе жылына 200 миң тонна продукция өндүрүп, миңге чукул адам жумуш менен камсыз болмок.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41