Жалал-Абад ОИИБнын 2016-жылда аткарган иштери “канаттандыраарлык” деп эсептелди
Кечээ, 12-январда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болду.
Ага ИИМдин орун басары милицияныын генерал майору К.Асанов, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилик курамы, бөлүм башчылары, шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары, областын күч түзүмдөрүнүн жана өкмөттүн жергиликтүү ыйгарым өкүлүнүн орун басарынын катышуусунда өттү. Бул тууралуу башкарамлыктын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ыкчам кеңешмени Жалал-Абад ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков алып барып, жалпысынан Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 ай ичинде аткарган ыкчам-кызмат, сырткы кызмат, тергөө, кадр кызматынын ишмердүүлүгүнүн абалы каралды.
Алсак, 2016-жылдын 12 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны, өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу - 83кө азайып, 2469 (2552) болгон. Анын ичинен 2021 кылмыш иши козголуп, 2317 кылмыш иши тергелген. Ошондой эле, отчеттук мезгилде катталган кылмыштардын ичинен 2071 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу пайызы 89,4% түзгөн.
ИИМдин орун басары К.Асанов Жалал-Абад облусундагы диний экстремизмге, терроризмге, жаш өспүрүмдөр багытында, жол кырсыктарын алдын алуудагы иш-аракеттерге айрыкча басым жасады. Ошондой эле облустагы кылмыштуулукту алдын алуудагы жүргүзүлүп жаткан профилактикалык аракеттерди, ыкчам тергөө жумуштарын баалап өттү.
Жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБнын ыкчам-кеңешмесинин чечими менен Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 айында кылмыштуулуктун алдын алууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти жана атуулдардын коопсуздугун сактоодо аткарган иштери “канаттандыраарлык” деп эсептелди.
“Ошондой эле, жооптуу 23 жетекчиге тартиптик жазалары берилди. Жыл жыйынтыгы менен кызматтык милдеттерин так аткаруу менен жетишкен ийгиликтеринин негизинде “Жылдын мыктылары” аныкталды. Алардын арасында ИИМдин ардагерлери да акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты. Жалпы көрсөткүчтөрү менен 1-орунду Базар-Коргон РИИБ, 2-орунду Токтогул РИИБ, 3-орунду Ноокен РИИБ ээледи”, - деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









