KELECHEK
rek

Жалал-Абад: депутаттар мандат алышты, төрага шайланбады

Жалал-Абад: депутаттар мандат алышты, төрага шайланбады

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы болуп, анда депутаттарга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды. Бирок, кворумдун жетишсиздигинен төрага шайланбай, убактылуу болсо да анын орун басарын шайлашты.

Сессияны шаардык кеңешке шайланган депутаттардын аксакалы Бактияр Шерматов ачып, төрагалык кылды. Ал эми депутаттардын кворуму КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын катышпай калышынан аз болуп калды. “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары баары болуп 16 добуш менен “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүшкөнү жарыя кылынды.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы сессияга катышкан депутаттарга күбөлүктөрүн жана төш белгилерин тапшырышып, аларга депутаттык ишмердиктеги ийгиликтерди каалашты.

Андан соң, депутаттар шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоого киришишип, көпчүлүк коалициядан бул орунга мурда шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Эрнисбек Ормоков көрсөтүлдү жана бир добуштан шайланды.

Жалал-Абад шаардык кеңештин биринчи сессиясына катышпай калган КСДП жана «Кыргызстан» партияларынын депутаттары депутаттык мандаттарын түштөн кийин келип алып кетишти.

Эскерте кетсек, болуп өткөн шайлоолордо шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт” партиялары өткөн. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12