Түркмөнстан мунай кенин өздөштүрүү үчүн инвестор издеп жатат
Түркмөнстан Каспий деңизинин жээгиндеги «Дэмиргазык Готурдепе» кенин өздөштүрүүгө инвестор издеп, жакынкы жылдары анда алты миллион тоннадан ашык мунай өндүрүүнү көздөп жатат.
Түркмөн өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча изилдөө иштеринен кийин кенде көмүр суутектин бай запасы бар экени белгилүү болуп, «Түркмөнмунай» мамлекеттик ишканасы аны иштетүү долбоорун даярдап чыккан.
Маалыматка караганда, кенди өздөштүрүүнүн алгачкы баскычтары үчүн 600 миллионго жакын АКШ доллары талап кылынат. Долбоорду ишке ашырууга чет өлкөлүк инвесторлорду тартып, алардын жумшаган каражатын өндүрүлгөн мунайдын эсебинен төлөп берүү пландалууда. Ошондой эле долбоордун алкагында чет өлкөлүк компания менен биргелешкен ишкана түзүү каралууда. Анда иштин негизги көлөмүн «Түркмөнмунай» мамлекеттик ишканасы аткарып, инвесторго тейлөө кызматтары жүктөлөт.
Болжолдуу эсептөөлөр боюнча кенди өздөштүрүүнүн алгачкы баскычтарында мунайдын геологиялык запастарынын өсүүсү 38,5 миллион тоннаны түзүп, иштин жүрүшүндө анын көлөмүнүн 87,3 миллион тоннага чейин жетиши мүмкүн экени кабарланууда. Жалпысынан жети жылдын ичинде кенден 6 миллион 856 миң тонна мунай казуу пландалууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38