Улюкаевдин жарым миллион рублга бааланган мүлкү камакка алынды
Орусиянын Тергөө комитетинин өтүнүчү менен сот коррупцияга айыпталган мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин жарым миллиард рублга бааланган байлыгын жана 15 кыймылсыз мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу мекеменин төрага орун басары Игорь Краснов "Коммерсантка" берген маегинде билдирди.
Ал ошондой эле "Роснефтинин" кеңсесинде министрдин пара алып жаткандыгы тартылган фото жана видеоматериалдар бар экенин кошумчалады.
Күн мурун Москванын Басманный райондук соту Улюкаевдин үй камагынын мөөнөтүн 15-апрелге, ишти тергөөнүн убактысын 15-майга чейин узарткан.
Тергөөчү Роман Нестеровдун шейшембиде маалымдашынча, Улюкаевге каршы көрсөтмөлөрдү мурда анын кол алдында иштегендер жана "Росимущество" ишканасынын кызматкерлери беришти.
Улюкаев 14-ноябрдын түнүндө эки миллион доллар пара алып жаткан учурда кармалган. Мурдагы министр бул акчаны мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн алганы кабарланган. Улюкаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны министрлик кызматынан бошоткон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05