Казакстан интернеттин баасын төмөндөттү
“Кыргызтелеком” ишканасынын маалыматы боюнча, казакстандык провайдерлер 1 мегабит интернеттин баасын 13 долларга чейин түшүрүүгө макул болушкан. Ал эми эки өлкөнүн жеке интернет провайдерлери ич ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бааларды мындан да төмөндөтүүгө жетишкен.
Бул маалыматты Кыргызстандын провайдерлер ассоциациясынын төрагасы Нурбек Абасканов да тастыктады. Анын маалымдаганы боюнча жаңы жылдан тарта Кыргызстанга интернет сатуу боюнча казакстандык өнөктөштөр менен жаңы келишимдер түзүлгөн. Ал келишимдерде ар кайсы провайдер сүйлөшө алганына жараша 1 мегабит интернетти 10 доллардын айланасында сатып алышууда.
Өткөн жылдын август айында Казакстандагы интернет провайдерлер Кыргызстанга сатылуучу интернеттин баасын жогорулатышкан. Алар муну Орусиядан алынып жаткан баалардын кымбатташына байланыштырышкан эле. Бирок ЕАЭБдин антимонополия башкармалыгы Орусия тараптан баалар көтөрүлбөгөнүн аныктап чыккан.
Ал аралыкта “Кыргызтелеком” ишканасынын мурунку жетекчиси Эмил Ешеналиев казакстандык эки интернет провайдер менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүп, интернеттин 1 мегабитин 30 доллардан сатып алууга макулдугун бергенин Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия аныктаган. Көп өтпөй, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Ешеналиев кызматтан алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38