KELECHEK
rek

Обама: Орусиянын АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсү кылдат даярдалган

Обама: Орусиянын АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсү кылдат даярдалган

АКШ президенти Барак Обама Орусиянын Америкадагы шайлоо процессине кийлигишүүсү көптөн бери даярдалып келген пландардын жыйынтыгы экенин билдирди. Бул тууралуу АКШ президенти АВС телеканалына берген маегинде айтты.

Обама Дональд Трамптын орусиялык киберчабуулдар тууралуу америкалык атайын кызматтын билдирүүлөрүнө ишенбей жаткандыгы жөнүндө айтып жатып мындай деди: «Мен көптөгөн республикачылардын, анын ичинде аларга жакын аналитиктер менен тележурналисттердин демократ болгондугу үчүн гана өз мекендештерине караганда Владимир Путинге көбүрөөк ишенип жаткандыгына тынчсыздануудамын».

Обаманын белгилешинче, «американын алдыңкы саясий партиялары ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан, өздөрүнүн бир командада, Владимир Путиндин болсо башка командада экенин эстен чыгарбашы керек».

Обаманын айтымында, «эгер Кошмо Штаттар өзүнүн киберкоопсуздугун бекемдебесе, башка өлкөлөрдүн Америкадагы шайлоолорго таасир этүү мүмкүндүгү буга чейин ойго келбегендей чекке жетет». "Жалган маалыматтардын басымы менен америкалыкардын өзүнүн башкы ММКларына болгон ишеними өтө төмөндөп, алар берилген кандай гана маалымат болбосун аны чындык же калп катары кабыл алып алышат», — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12