АКШда "Алтын глобус" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду
«Алтын глобус» сыйлыгында «Ай жарыгы» тасмасынын режиссеру Барри Женкинс «Мыкты драма» номинациясы боюнча лауреат болду. Лос-Анжелесте 74-ирет кино сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. «Алтын глобуста» «Ла-Ла-Ленд» мюзиклиндеги жаш актриса менен пианисттин махабаты жөнүндөгү баян сыйлыктарды багындыруу жагынан лидер аталды.
Дэмьен Шазеллдин тасмасы «Мыкты комедия же мюзикл», «Мыкты сценарий», «Мыкты режиссер», «Мыкты ыр» жана «Фильмдеги мыкты саундтрек» сыяктуу жети номинация боюнча жеңишке жетишти.
Башкы ролду аткарган Эмма Стоун менен Райан Гослинг мыкты аял жана эркектин ролу үчүн «Алтын глобус» алышты.
Британиялык королева үй-бүлөсү тууралуу «Таажы» тасмасы мыкты драмалык сериал номинациясын багындырды. Британиялык актриса Клэр Фой бул фильмде Елизавета IIнин жаш кезин жеткиликтүү ойногондугу үчүн «Алтын глобус» алды.
"Зверополиске" мыкты анимация катары «Алтын глобус» ыйгарылса, режиссер Пол Верховендин «Ал» тасмасы мыкты чет өлкөлүк тасма аталды. Бул сыйлыкка орусиялык режиссерлордун чыгармалары дагы сунушталган, бирок алар талапкерлердин тизмесине кирген жок.
«Алтын глобус» сыйлыгы 1944-жылдан бери ыйгарылып келет. Аны Голливудда иштеген, курамында 90 эл аралык журналисти бар Чет өлкөлүк пресса ассоциациясы тапшырат. «Алтын глобусту» жеңүүчүлөр америкалык беделдүү «Оскар» сыйлыгынын талапкерлери катары эсептелип жүрөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29