Керри: АКШ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдү «кубаттайт»
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар ушул айда Астанада өткөнү жаткан Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдү колдой турганын билдирди. Ал сүйлөшүүлөр алты жылдан бери уланып келаткан Сириядагы согушту токтотууга түрткү болот деген үмүттө.
«Биз Астанадагы сүйлөшүүлөрдү колдойбуз. Ал алдыга кадам жасоого мүмкүндүк берет деген үмүттөбүз», — деп билдирди Керри Вашингтондогу маалымат жыйынында.
Сириянын өкмөтү менен куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр Орусия менен Түркиянын демилгеси менен өтөт. Мында Вашингтондун ролу экинчи планга жылдырылган.
Жолугушуу БУУнун камкордугу алдындагы тынчтык сүйлөшүүлөргө чейин өтүп калышы мүмкүн. БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура сүйлөшүүлөрдү кийинки айда Женевада өткөрүүгө үмүттөнүүдө.
Москва менен Анкаранын ортомчулугу алдында келишилген эки тараптын ортосундагы жарашуу режими өткөн жумада күчүнө кирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









