KELECHEK
rek

Жалал-Абадда суу менен камсыз кылуу долбоорунун биринчи этабы 60 пайыз аткарылды

Жалал-Абадда суу менен камсыз кылуу долбоорунун биринчи этабы 60 пайыз аткарылды

Жалал-Абад шаарынын суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу системасын калыбына келтирүү долбоорунун биринчи этабы алтымыш пайыз аткарылып калды. Бул тууралуу шаар мэриясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Садыр Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруунун акыркы компонентинин алкагында тендер аркылуу негизги подрядчик тандалып алынган. Азыркы учурда жыл ичинде долбоордук аткарылган иштердин көлөмү 440,2 миң еврого барабар болду.

-Подрядчик түзүлгөн контракттын негизинде ар кайсы өлчөмдөгү суу түтүктөрүн орнотуу, суу өлчөгүч-эсептегичтеринин кутуларын орнотуу, кожолуктарды суу эсептегичтерине улаштырууга даярдоо жана улаштыруу иштерин алып барды. Жыл боюу аткарылган иштердин көлөмү 440,2 миң еврого жетти. Ал эми долбоор башталгандан берки аткарылган иштердин көлөмү 3 миллион 482 миң 468 евро болду. Быйылкы жылы долбоордук иштер улантылат. Шаардын айрым аймактарына суу түтүктөрү жаткырылып, кожолуктарга суу эсептегичтери коюлат, - дейт ал.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Жалал-Абад шаарында 2014-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Долбоордун негизги донору Европанын реконструкциялоо жана өнүгүү банкы жана SECO уюму. Долбоордун жалпы наркы 8,25 миллион евро болсо, анын ичинде SECO уюму тарабынан 4,1 миллион евро гранттык каражат бар. Учурда долбоордун экинчи этабын даярдоо иштери да жүрүүдө. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38