KELECHEK
rek

“Жалал-Абад тазалык” мекемеси өткөн жылы абоненттик төлөмдөрүн 3,5 млн. сомго көп жыйнады

“Жалал-Абад тазалык” мекемеси өткөн жылы абоненттик төлөмдөрүн 3,5 млн. сомго көп жыйнады

“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы абоненттик төлөмдөрдү 3 миллион 443 миң 774 сомго көп жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Төлөнбек Бакиров билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы абоненттерден 19 миллион 124 миң 913 сом абоненттик төлөмдөр жыйналган болсо, 2016-жылы ал 22 миллион 568 миң 687 сомго жеткен.

- Биздин мекемеде мурдагы жылдарга салыштырмалуу абоненттик төлөмдөр үч жарым миллион сомго жакын көп жыйналды. Жыл башында мекемеге жергиликтүү бюджеттен 13 миллион 313 миң 200 сом, ал эми атайын каражаттын эсебинен 19 миллион 651 миң сом каралган болсо, жыл ичинде бюджеттен 11 миллион 956 миң 345 сом акча каражаты жумшалып, ал эми атайын каражат 22 миллион 568 миң 687 сом жыйналды. Жалпысынан иш-чараларга чыгымдалганы 21 миллион 434 миң, 400 сомду түздү, - дейт ал.

Эскерте кетсек, аталган ишкана абоненттердин санын тактоо аракеттеринин натыйжасында алардын санын көбөйткөн, демек абоненттик төлөмдөр саны да арткан.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38