Каримов менен Мирзиёев 2016-жылы дүйнөдөгү негизги саясий фигуралардын тизмесине киришти
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов жана жаңы шайланган өлкө башчы Шавкат Мирзиёев 2016-жылдагы эл аралык деңгээлдеги негизги 40 адамдын тизмесине киришти. Бул боюнча Испаниядагы Барселона эл аралык мамилелерди иликтөө борборунун материалында маалымдалат.
Жыл сайын түзүлчү тизмеге дүйнөдө башкалардан өзгөчөлөнгөн саясий жана коомдук ишмерлер, мамелекеттик эмес уюмдар киргизилет.
2016-жылдагы рейтингге Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов менен азыркы өлкө башчы Шавкат Мирзиёев кошулду. Иликтөөнүн авторлору Ислам Каримов жаңы эгемен өлкөнүн негиздөөчүсү болгонун жана СССР урагандан кийин Өзбекстандын мамлекет катары калыптанышында чоң роль ойногонун белгилешкен.
Борбордун эксперттери Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев соңку президенттик шайлоодо шайлоочулардын 90% добушун топтоп, ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздаганын билдиришет. Алар Мирзиёевдин бийлиги тушунда тышкы саясатта жаңы тенденцияларды күтсө боло турганын жазышкан.
Башка лидерлерден бул тизмеге Кубанын мурдагы башчысы, маркум Фидель Кастро жана АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп да киргизилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









