Ош шаарнына үч жылдын ичинде 15,4 млрд. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаадагы бир катар курулуштардын жүрүшүнөн кабар алды. Аны менен катар быйылкы жылдагы пландар, өнүктүрүү программасына токтолду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайдын реконструкцияланышы, Сай-Бою жана Тилеккке баатыр көчөсүн бириктирген көпүрөнү курулушу, Ак-Буура дарыясына салынуучу подиум, футболдук академиянын курулушу жана Ак-Тилек кичи районуна курулуп жаткан оорукананы көрүп кайтты.
Шаар башчысы үч жылдын ичинде 15,4 млрд. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөндүгүн айтып, социалдык курулуштар колго алынгандыгын билдирди.
“Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, коомдук уюмдардан, ЕӨРБ жана Азия өнүктүрүү банкынан, чет элдик өнөктөштөрдүн келген инвестицияларды алганда үч жылдын ичинде Ош шаарында жалпысынан 15,4 млрд. сомдук капиталдык салым өздөштүрүлгөн. Акыркы үч жылда 2 мектеп шаардыктарга тапшырылса, 5 мектептин курулушу азыркы учурда жүрүп жатат. Мындан тышкары 6 бала бакча колдонууга берилсе, бүгүнкү күндө 2 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Мындан тышкары жолдорду оңдоо иштери, жаңы эки көпүрөнүн курулушу, жашылдандыруу, тазалык багытындагы ири долбоорлордун ишке ашып жаткандыгы кубандырат”,-деди А.Кадырбаев.
Ал эми ири долбоорлорду ишке ашырып, шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу үчүн кызмат кылуу Ош шаарынын мэриясынын эң негизги максаты экендигин билдирди А.Кадырбаев.
“Быйыл эс алуу жайларды реконструкциялайбыз. Т.Сатылганов, Раззаков атындагы парктардын долбоорлору ишке ашканы турат. Ал эми үчүнчү көпүрө менен катар, веложүрүүчү жол, подиум курулат. Ошондой эле үсүбүздөгү жылдын март айында футбол академиясын шаардыктарга тапшырабыз деп турабыз”,-деди А.Кадырбаев.
"Иш-чаранын алкагында Ак-Тилек кичи районунда курулуп баштаган 150 орундуу оорукананын курулушу менен да таанышып келди. Белгилей кетсек, Ош комплекстик оорукана КЭРнын өкмөтү тарабынан кайтарымсыз гранттын эсебинен курулууда. Жалпы аянты 25 миң чарчы, сейсмикалык туруктуулугу 1-даража болуп, 9 баллга жеткен жерсилкинүүгө туруштук берет. Негизинен имаратка амбулаториялык, стационардык, илимий-изилдөө кеңсеси жана көмөкчү бөлмө кирет. Оорукана 150 бейтапка ылайыкташтырылып, күнүнө 200 бейтапты кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот. Заманбап оорукана 3 корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилет", - деп билдирет Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13