
Сузактагы 1990-1994-жылдары жүргөн жер көчкү дагы активдешип, учурда 16 үйгө кооптуулук жаратууда (ФОТО)

Сузак районунда 2016-жылдын 3-январында алдын ала алынган маалымат боюнча, Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга кооптуулукту жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн. м3 түзөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жер көчкү 1 турак-жайга 15 метр жана 15 турак-жайга 350 метр калган. Бул жер көчкү 1990-жылдары пайда болгон, 1994-жылдары жер көчкү жылып, натыйжада 6 турак-үй жабыркап, 16 турак-жайга кооптулук жаралган. Жергиликтүү бийлик тарабынан турак-үй ээлерин коопсуз жерге көчүрүү боюнча чечим кабыл алынып, турак-жай куруу үчүн, жер тилкелери бөлүнүп берилип, мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар берилген. Бирок азыркы учурда жашоочулар жашап жатышат.
2017-жылдын 5-январында КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адиси жана КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан жеринде изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймак башчысына 16 үй-бүлөнү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу боюнча, жеринде эскертме берилди.
Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган участок байкоого алынып, күзөт уюштурулду жана коопсуз жерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгуу боюнча, иш-чаралар уюштурулуп жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41