KELECHEK
rek

Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду утурлай Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, деструктивдүү күчтөрдүн республикадагы кырдаалды туруксуз кылуу аракетине жол бербөө максатында кошумча күчтөр коомдук тартипти көзөмөлдөөгө тартылды.

Соңку 25 жылдан бери бул өлкөдө шайлоолор тынч маанайда өтүп келген. Ага карабай, азыр Тажикстандын башкы шаарларында милициянын күзөтү көбөйтүлүп, мекеме-ишканаларды кайтаруу күчөтүлдү. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президенттикке талапкерлердин жашын 35 жаштан 30 жашка чейин түшүрүү каралган. Бул 2020-жылы өтчү президенттик шайлоого президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 22-майга белгиленген.

www

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20