
Жалал-Абаддык спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, байгелүү орундарды ээлөө саны 38ге көбөйгөн.
- Бизде 2016-жыл ичинде иш-пландын негизинде аткарылуучу иш-чаралар толугу менен аткарылды. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 121 мелдеш каржыланып, анын ичинен спортчулар 48 эл аралык мелдештерге, 43 республикалык мелдештерге, 6 Азиялык мелдешке жана 4 дүйнөлүк мелдешке катышышты жана байгелүү орундарды ээлешти, - дейт А. Бакиров.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери спортко көңүл буруу менен борбордук “Курманбек” стадионун толугу менен реконструкциялоодон өткөрүшкөн. Азыркы тапта бул стадион эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20