KELECHEK
rek

ЕККУ көзөмөл аймагын Донбасстын бардык райондоруна кеңейтүү ниетинде

ЕККУ көзөмөл аймагын Донбасстын бардык райондоруна кеңейтүү ниетинде

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жаңы төрагасы, европалык федералдык министр жана Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курц ЕККУнун көзөмөл аймагын Донбасстын бардык райондоруна кеңейтүү пландары тууралуу билдирди.

Ал кагылышуулар болуп жаткан аймактарда ок атууну «толук» токтотуу Донецк жана Луганск облустарынын белгилүү бир райондорунда таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн негиз болушу керектигин белгиледи.

Украина ТИМинин башчысы Павел Климкиндин белгилешинче, ЕККУнун байкоочуларына Донбасстын оккупацияланган бардык аймагы менен көзөмөлдөнбөгөн чек ара тилкелерине кирүүгө толук мүмкүндүк берүү зарыл. Ал ошондой эле Минск келишимдеринин аткарылышына жетүү үчүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү керек деген ишенимде.

Аймакка ЕККУнун полиция миссиясын киргизүү тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Себастьян Курц уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу баалоого чакырып, ал сыяктуу чечимдер уюмдун курамындагы 57 өлкө менен биргеликте кабыл алынарын белгиледи.

Буга чейин Киев Донбасста жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө чейин (бул Украина чыгышындагы жаңжалды жайгаруу боюнча Минск макулдашууларынын шарттарынын бири) украин-орус чек ара тилкелерин убактылуу ЕККУнун куралдуу миссиясы, шайлоодон кийинки күндөрдө украин аскерлери өз көзөмөлүнө алышы керектигин билдирген. Жикчилдердин өкүлдөрү Донбасска ЕККУнун полиция миссиясынын киргизилишине каршы болуп, Донецк менен Луганскта миңдеген адамдар катышкан нааразылык өнөктүктөрүн уюштура тургандыктарын айтып коркутушкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52